Редакцияот 08.02.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын VII чакырылышынын Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги VII сессиясы

 

2022-жылдын 8-февралы № 7/31

Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышын кароо жөнүндө

Сары-Булак айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жөнүндө айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн бөлүм башчысы Н. Курмановдун маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:

1. Сары-Булак айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы боюнча кирешелер 6 677 993 сомго, чыгашалары 6 660 404 сомго аткарылганы белгиленсин.

2. Жыл башында калган калдык 1 080 477 сомго, жыл аягында калган калдык 1 098 066 сом өлчөмүндө бекитилсин.

 

Төрага:

Т. Жумамүдүн уулу.