Редакцияот 31.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 Жаңы-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги V-сессиясы

 

2022-жылдын 31-январы №  5/1

“Жаӊы-Жол айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Э.Кочкобаевдин билдирүүсү жѳнүндѳ”

Күн тартибиндеги Жаӊы-Жол  айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Э.Кочкорбаевдин 2021-жылдын 6 ай аралыгында аткарган иштери боюнча билдирүүсүн жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап Жаңы-Жол айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги V-сессиясы токтом кылат:

1. Жаӊы-Жол айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Э.Кочкорбаев 2021-жылдын 6 ай аралыгында аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы укук жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

3. Аталган токтом Жаӊы-Жол айыл ѳкмѳтүнүн jany-jol.jalal-abad.kg веб сайтына расмий жарыяланган күндѳн тартып күчүнѳ кирет

 

Төрага:

К.Бейшеналиев