Редакцияот 31.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жаңы-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги  V-сессиясы

 

2022-жылдын 31-январы № 5/2

“2021-жылга Жаңы-Жол айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин аткарган иштери жана 2022-жылга иш пландарын кабыл алуу жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” мыйзамына негиз Жаңы-Жол айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин тѳрагасы Ж.Субанкуловдун маалыматын жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап Жаңы-Жол айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги V-сессиясы токтом кылат;

1.Жаңы-Жол айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Ж.Субанкуловдун 2021-жыл ичиндеги аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.

2.Төмөнкүлөр бекитилсин;

- 2022-жылга Жаңы-Жол айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин киреше,чыгыша бөлүгү жана иш планы бекитилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына жүктөлсүн.

4. Аталган токтом Жаӊы-Жол айыл ѳкмѳтүнүн jany-jol.jalal-abad.kg веб сайтына    расмий жарыяланган күндѳн тартып күчүнѳ кирет.   

 

Төрага:

 К.Бейшеналиев.