Редакцияот 31.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жаңы-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги  V-сессиясы

 

2022-жылдын 31-январы № 5/8

“Жаӊы-Жол айыл ѳкмѳтүнүн алдынкы мектеп окуучуларына стипендия кароо жѳнүндѳ”

Күн тартибиндеги Жаӊы-Жол  айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Э.Кочкорбаевдин алдынкы мектеп окуучуларына стипендия кароо жөнүндө билдирүүсүн жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап Жаңы-Жол айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги V-сессиясы токтом кылат:

1. Жаӊы-Жол айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Э.Кочкорбаев алдынкы мектеп окуучуларына ар бирине 5000(беш миң) сомдон стипендия жергиликтүү бюджеттен бөлүү бекитилсин.

Ж.Мамытбеков орто мектебине- 2 эки окуучуга

К.Керимбеков орто мектебине – 2 окуучуга

Ж.Кожобеков орто мектебине – 2 окучууга

Т.Темиров негизги мектебине – 1 окуучуга

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

3. Аталган токтом Жаӊы-Жол айыл ѳкмѳтүнүн jany-jol.jalal-abad.kg веб сайтына расмий жарыяланган күндѳн тартып күчүнѳ кирет.

 

Төрага:

К.Бейшеналиев