Редакцияот 10.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НОВОПАВЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

ЧҮЙ ОБЛУСУНУН СОКУЛУК РАЙОНУНУН НОВОПАВЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН 25-ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН №48-КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ

 

2021-жылдын 25-февралы № 48/332

Аксакалдар сотунун мөөнөтүн узартуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Аксакалдар соттору жөнүндө” Мыйзамынын 11-беренесине ылайык, Новопавловка айыл аймагынын аксакалдар сотунун 3 жылдык мөөнөтү аяктаганына байланыштуу айылдык кеңештин депутаты О. Омуровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Новопавловка айылдык кенешинин кезексиз сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Новопавловка айыл аймагындагы курамы 7 мүчөдөн турган аксакалдар сотунун иштөө мөөнөтү 3 жылга узартылсын.

2. Аксакалдар сотунун каза болгон мүчөсүнүн ордуна “Алтын-Ордо” конушунун тургундарынын сунушунун негизинде Ниязов Качыбек шайлансын.

 

Төрага

Д. Эркинбек уулу