Редакцияот 12.05.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2022-жылдын 12-майы № 02

Кара-Балта шаардык кеңешинин ХХХ – чакырылышынын төрагасын шайлоо жөнүндө

«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 33, 34, 39, 40 – беренелерине ылайык, жана ошондой эле “Кара-Балта шаардык кеңешинин ХХХ – чакырылышынын төрагасын шайлоо боюнча жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу” эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп, Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Балта шаардык кеңешинин ХХХ – чакырылышынын төрагасын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын 2022-жылдын 12-майындагы № 1, 2 протоколдору бекитилсин.

2. Кара-Балта шаардык кеңешинин ХХХ – чакырылышынын төрагасы Дуйшеналиев Мирбек Кубанычбекович  эсептелинсин.

3. Ушул токтом массалык маалымат каражаттарында жарыялансын.

 

Таркатылсын: көктөмөгө, КР БШКга, Жайыл райондук ЖШКга, ЖРМА, мэрияга.

 

Төрагалык кылган “Социал Демократтар” с/п депутаты

 

Н.И. Ладожинская