Редакцияот 12.05.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2022-жылдын 12-майы № 04

Кара-Балта шаардык кеңешинин ХХХ – чакырылышынын төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө

«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 33, 34, 39, 41 – беренелерине ылайык, ошондой эле Кара-Балта шаардык кеңешинин төрагасынын сунушу менен, Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Балта шаардык кеңешинин ХХХ – чакырылышынын төрагасынын орун басары – Абышев Эржан Ковланович эсептелинсин.

2. Ушул токтом массалык маалымат каражаттарында жарыялансын.

3. Таркатылсын: көктөмөгө, КР БШКга, Жайыл райондук ЖШКга, ЖРМА, мэрияга.

 

Кеңештин төрагасы

М.К. Дуйшеналиев