Редакцияот 15.02.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2021-жылдын 15-февралы № 01-5/279

Каржы-экономика бөлүмүнүн башчысынын 2020-жыл аралыгында жергиликтүү бюджеттин аткарылышынын отчетун  угуу жөнүндө

Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги  ХХХII сессиясы, Кочкор-Ата шаар мэриясынын каржы-экономика бөлүмүнүн башчысынын, 2020-жыл аралыгында  жергиликтүү бюджеттин аткарылышынын жүрүшү боюнча берген  отчётун  жана Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Бюджет, каржы-экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу  комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамын жетекчиликке алып

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Бюджет, каржы-экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу  комиссиясынын корутундусу эске алынсын.

2. Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын каржы-экономика бөлүмүнүн башчысынын, 2020-жыл аралыгында жергиликтүү бюджеттин аткарылышынын жүрүшү боюнча берген отчету «канааттандырарлык» деп табылсын.

3. 2020-жылдын 01-февралындагы №01-5/206 жана №01-5/207–токтомдору аткарылган  катары  көзөмөлдөн  алынсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин “Бюджет, каржы- экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча”  туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Я.Т.Абдурахманов