Редакцияот 15.02.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2021-жылдын 15-февралы № 01-5/283

Кочкор-Ата шаардык санитардык тазалоо, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү муниципалдык ишканасынын 2021-жылга таштандыларды ташып чыгаруу боюнча тарифин бекитүү жөнүндө

Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XХХII сессиясы, Кочкор-Ата шаардык санитардык тазалоо, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү муниципалдык ишканасынын 2021-жылга таштандыларды ташып чыгаруу тарифин бекитип берүү боюнча сунушун жана шаардык Кеңештин «Бюджет, каржы-экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамын жетекчиликке алып

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кочкор-Ата шаардык санитардык тазалоо, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү муниципалдык ишканасынын жетекчисинин, 2021-жылга таштандыларды ташып чыгаруу тарифин бекитип берүү боюнча сунушу эске алынсын.

2. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «Бюджет, каржы-экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын берген корутундусу эске алынсын.

3. Кочкор-Ата шаардык санитардык тазалоо, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү муниципалдык ишканасынын 2021-жылга таштандыларды ташып чыгаруу тарифи, №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Кочкор-Ата шаардык санитардык тазалоо, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү муниципалдык ишканасынын жетекчисине милдеттендирилсин.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин «Бюджет, каржы-экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Я.Т.Абдурахманов

 

БЕКИТЕМ Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин төрагасы Я.Т.Абдурахманов ___________ХХVII-чакырылышынын кезектеги ХХХII сессиясынын №01-5/283 сандуу токтомуна тиркеме

2021-жыл үчүн шаар аймагынан таштандыларды ташып чыгаруу жана жайгаштыруу үчүн сунушталуучу тарифтердин баасы

№

Тарифтин түрү

Көлөмү

Баасы (сом менен)

1

Көп кабаттуу үйлөрдүн батирлери

1 адамга

16

2

Жер үйлөргө

1 адамга

17

3

Мекеме-ишканаларга жана коммерциялык жактарга

1 м3

670

4

Суюк таштандыларды чыгаруу

1 м3

600

5

Септик

1 м3

325

6

Өзү ташып чыгаруу

1 м3

100

Башкы эсепчи

Маматкулов С.М.