Редакцияот 10.06.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2021-жылдын 10-июну № 01-5/12

Кочкор-Ата шаарынын жашылдандыруу жана көрктөндүрүү муниципалдык ишканасынын иштөө абалын текшерүү жөнүндө

Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезектеги II-сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын Эл башысы Ж.Курбаналиевдин кайрылуусун угуп жана талкуулап, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамын жетекчиликке алып

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кочкор-Ата шаарынын Эл башысы Ж.Курбаналиевдин кайрылуусу канааттандырылсын.

2.Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин астындагы Аксакалдар сотунун мөөнөтү 2021-жылдын 27-майында аяктагандыгына байланыштуу, жаңы мүчөлөрүнүн курамы төмөндөгүдөй бекитилсин:

1.Дарманкулов Аскарали;

2.Мусабекова Калдаркан;

3.Ибрагимов Маматкасым-шаардын имамы;

4.Акматова Анипа-аялдар Кеңешинин төрайымы;

5.Тохтасинов Рахимжан;

6.Курбаналиев Жолдошали-Эл башы;

7.Усубалиев Ашырбек.

 

Төрага

Н.А. Абдуразаков