Редакцияот 15.02.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын VII чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз XI сессиясы

 

2022-жылдын 15-февралы № 11/2

Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жылга жергиликтүү бюджеттин аткарылышын, 2022-жылга бюджеттин долбоорун бекитүү жана 2023-2024- жылдарга болжолдуу бюджеттин долбоорун бекитүү жөнүндө

Депутаттардын VII - чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жылга жергиликтүү бюджетинин аткарылышын жана 2022-жылга бюджеттин долбоорун бекитүү жана 2023-2024-жылдарга болжолдуу бюджеттин долбоорун бекитүү боюнча ФЭБ башчысы-башкы эсепчиси Б.Тажиевдин отчётун, айылдык кенештин экономика, бюджет, салык боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кенеши, токтом кылат:

1. Кум-Дөбө айыл аймагынын  айыл өкмөтүнүн 2020-жылга жергиликтүү бюджетинин аткарылышы боюнча кирешелер  20 544,9 мин сомго, чыгашалар 19 891,0 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.

2. 2022-жылга Кум-Дөбө  айыл өкмөтүнүн  жергиликтүү бюджетинин кирешелер бөлүгү 20503,9  мин сом, мунун ичинен жергиликтүү салыктан түшүүчү кирешелер 7 929,9  мин сом, теңдештирүү грант 12574,0 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.

2022-жылга жергиликтүү бюджеттин кирешелери теңдештирүүчү гранттардан жана жергиликтүү бюджеттен түшө турган кирешелеринин эсебинен төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин:

Подох. салыгы-                                 3750 .0  миң сом

Ыктыярдуу патент салыгы-             250.0 миң сом

Кыймылсыз мүлккө салык-             5.0 миң сом

Транспорт салык-                             612.0 миң сом

Огород салык-                                   410.0 миң сом

Айыл чарба жеринен салык-           638.5 миң сом

Айыл чарба эмес багыттагы салык-81,1 миң сом

Роялти-                                              5.0 миң сом

Лизенция-                                         180,0 миң сом

Жайыт акысы-                                  415.6 миң сом

 

ФПС аренда акысы-                         352.7 миң сом

 

Атайын каражат-                              1200,0 миң сом

Жергиликтүү маанидеги

 

  Баары   -                                          7 929,9 миң сом

 

- теңдештирүүчү грант-                   12 574,0 мин сом.

 

Жалпысы-                                      20 503,9 мин сом.

 

Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2022-жылга чыгымдар бөлүгү:

- башкаруу аппаратына-                                     14 535,7  мин сом.

- агартуу тармагына-                                           3 657,9   мин сом

- маданият тармагына-                                        1 894,7  мин сом.

- жайыт                                                                  415.6    миң сом

 

   Баары-                                                   20 503,9  мин сом өлчөмүндө бекитилсин.

 

3. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2023-жылга болжолдуу бюджетинин долбоору киреше бөлүгү 22 564,5 мин сом жана чыгымдар бөлүгү  22564,5  миң сом суммасында, ошондой эле 2024-жылга киреше бөлүгү 22 739,2миң сом жана чыгымдар бөлүгү  22 739,2миң сом суммасында бекитилсин.

4. 2021-жылдын киреше бөлүгүнүн бардык түрүнүн толук аткарылышын камсыз кылуу жагы салык инспекторлор  К.Абдраимова, Ж.Романова,  Ж.Дуйшөкулова А.Касмалиеваларга тапшырылсын.

5. Бул боюнча үзгүлтүксүз жетекчилик кылуу жагы Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Белековго жана ФЭБ башчысы-башкы эсепчиси Б.Тажиевге милдеттендирилсин.

6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика, бюджет жана орто бизнести өнүктүрүү комитетине тапшырылсын.

 

Төрага

М.Чолпонкулов