Редакцияот 15.02.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын VII чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз XI сессиясы

 

2022-жылдын 15-февралы № 11/5

Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүнө караштуу Шамшы айылындагы пайдаланууга жараксыз ФАПтын беш бөлмөлүү эски имаратын бузуу жөнүндө

Депутаттардын VII чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары,Шамшы айыл тургундарынан келип түшкөн 02.11.2021-жыл №6 кайырылуу катты карап жана талкуулап токтом кылат:

1. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүнө караштуу Шамшы айылындагы пайдаланууга жараксыз ФАПтын беш бөлмөлүү эски имаратын бузулсун.

2. Ушул токтомду көзөмөлдөп аткаруу жагы жер адис Н.Осмонов өз милдетине алсын.

 

Төрага

М.Чолпонкулов