Редакцияот 14.04.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы

 

2022-жылдын 14-апрели № 26

Кара-Бак айыл аймагынын 2022-жылга карата өнүгүү программасын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин инвестиция тартуу боюнча комитетинин билдирүүсүн угуп, талкуулап Кара-Бак айыл аймагынын 2021-2022-2023-жылдарга карата өнүгүү программасын өгөртүү толуктоолор менен бекитип берүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кара-Бак айыл аймагынын 2021-2022-2023-жылдарга карата түзүлгөн социалдык-экономикалык өнүгүү программасы өгөзтүү толуктоолор менен бекитилсин (тиркеме тиркелет).

2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Темиркуловго тапшырылсын.

 

Айылдык кеңештин төрайымы

Ж.Шадиманова