Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Президентинин

2009-жылдын 14-декабрындагы ПЖ № 573 Жарлыгына ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫГЫ

2006-жылдын 28-августу ПЖ № 445

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн

оптималдаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы Жарлыгына

өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралу

 

(Кыргыз Республикасынын Президентинин

2008-жылдын 19-июнундагы ПЖ № 223 Жарлыгынын

редакциясына ылайык)

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын аппаратынын түзүмүн оптималдаштыруу жана башкаруу системасын өркүндөтүү максатында

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы № 607 Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:

- "Мамлекеттик башкаруу органдарынын мамлекеттик кызмат орундарынын ченемдик түзүмү" деген № 5 тиркемесинин эскертүүсүндөгү 3-пункт "Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо кызматына" деген сөздөрдөн кийин ", Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясына" деген сөздөр менен толукталсын.

(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 19-июнундагы ПЖ № 223 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштер жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

            Президенти

К.Бакиев