Редакцияот 20.06.2007
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 20-июну № 316              КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ            Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын          30-ноябрындагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик            органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндөгү"               Жарлыгына толуктоолорду киргизүү тууралу      Кыргыз Республикасынын  мамлекеттик  башкаруу органдарынын түзүмүноптималдаштыруу жана башкаруу системасын өркүндөтүү  максатында  токтомкылам:     1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы№ 607 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптимал-даштыруу жөнүндөгү" Жарлыгына төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:     - жогоруда  аталган  Жарлыктын  "Мамлекеттик башкаруу органдарынынмамлекеттик кызмат  орундарынын  ченемдик  түзүмү" деген № 5 тиркеменинэскертүүсүндө:     1-пунктта "Кыргыз  Республикасынын  Шайлоо жана референдум өткөрүүбоюнча Борбордук  комиссиясы" деген сөздөрдөн кийин ", Кыргыз Республи-касынын Социалдык фонду" деген сөздөр кошулсун;     2-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги" дегенсөздөрдөн кийин ", Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соо-да министрлиги" деген сөздөр кошулсун.     2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Жарлыкка  ыла-йык келтирсин.     3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-публикасынын  Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштер жана мам-лекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.     4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.      Кыргыз Республикасынын Президенти                 К.Бакиев