Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

                            КР Президентинин

               2022-жылдын 31-майындагы № 172 жарлыгына

                         ылайык күчүн жоготту

 

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 24-августу ПЖ № 383

 

             КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

 

             Кыргыз  Республикасынын  Куралдуу  Күчтөрүнүн

              жана башка аскердик бөлүктөрүнүн катарынан

            анык  аскердик  жана  альтернативдик  (аскердик

              эмес)  кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп

             бүткөн аскердик жана альтернативдик (аскердик

            эмес) кызматкерлерин запаска  бошотуу,  ошондой

            эле 2007-жылдын  октябрь-декабрында жарандарды

              анык аскердик жана альтернативдик (аскердик

             эмес) кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндө

            альтернативдик  (аскердик  эмес) кызматкерлерин

               запаска бошотуу,  ошондой эле 2007-жылдын

              октябрь-декабрында жарандарды анык аскердик

              жана  альтернативдик (аскердик эмес) кызмат

                   өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндө

 

     "Кыргыз Республикасынын  жарандарынын   жалпы   аскердик   милдети

жөнүндө"  жана  "Альтернативдик  (аскердик эмес) кызмат жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын мыйзамдарына ылайык токтом кылам:

     1. Кыргыз  Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик

бөлүктөрүнүн катарынан  анык  аскердик  жана  альтернативдик  (аскердик

эмес)  кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскердик жана альтер-

нативдик (аскердик эмес) кызматкерлер запаска бошотулсун.

     2. 2007-жылдын октябрь-декабрында чакыруудан кийинкиге калтырылуу-

га укуктары болбогон,  чакыруу күнүнө карата 18 жашка толгон эркек  жа-

рандар,  ошондой эле чакыруудан кийинкиге калтырылууга укуктарын жогот-

кон улуу чакыруу курагындагы жарандар  Кыргыз  Республикасынын  минист-

рликтери менен администрациялык ведомстволоруна,  ишканаларына, мекеме-

лерине жана уюмдарына анык аскердик жана альтернативдик (аскердик эмес)

кызмат өтөөгө чакырылсын.

     3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бошотуунун мөөнөттөрүн,  анык ас-

кердик  жана  альтернативдик  (аскердик  эмес)  кызмат өтөөгө чакырууну

жүргүзүүнүн тартибин аныктасын.

 

     4. Бул Жарлык жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

     Кыргыз Республикасынын Президенти                 К.Бакиев