Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 4-октябры № 435 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 10-июнундагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин Архив фондун жана Архивин түзүү жөнүндө" Указына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 10-августундагы Жарлыгына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Архивинин ишин андан ары өр-күндөтүүнү камсыз кылуу максатында токтом кылам: 1. "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 10-июнундагы"Кыргыз Республикасынын Президентинин Архив фондун жана Архивин түзүүжөнүндө" Указына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу"Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 10-августундагы № 422Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин: - Жарлык төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын: "3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген тартипте: - ушул Жарлыктан келип чыккан финансылык жана башка маселелердичечсин; - өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин". - Жарлыктын 3-, 4-пунктары тиешелүү түрдө 4-, 5-пункттар деп эсеп-телсин. 2. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-публикасынын Президентинин канцеляриясына жүктөлсүн. 3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев