Редакцияот 04.08.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин ( VI чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз XXIX сессиясы

 

2020-жылдын 04-августу № 302

Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн алдындагы жамааттык уюмдарды түзүү жөнүндө

Регламент ,мыйзамдуулук .укук тартиби жана депутаттык этика меселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсү менен таанышып чыгып, талкуулап ,Кыргыз Республикасынын , “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 32-беренесин жетекчиликке алып , коомдук уюмдардын , коомдук алдын алуу борборунун иштөө тартибин бекемдөөукуктук базасын чыңдоо максатында Мырза-Аке айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Мырза-Аке айыл аймагында « Жаңы дем» аттуу жаматтык уюм түзүүгө, уюмдун зордук-зомбулукту болтурбоо-алдын алуу максатында иш жүргүзүүсү үчүн макулдук берилсин.

2. Адыр айылында « Теңдик» аттуу жаматтык уюм түзүүгөуюмдун зордук-зомбулукту болтурбоо-алдын алуу максатында иш жүргүзүүсү үчүн макулдук берилсин.

3. «Жаңы дем», « Теңдик» жамааттык уюмдарынын аракетине мыйзамдуу көзөмөл жүргүзүү айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

4. Токтомду көзөмөлдөөжагы Регламент ,мыйзамдуулук .укук тартиби жана депутаттык этика меселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

А.Кимсанов