Редакцияот 02.06.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (алтынчы чакырылышынын) кезектеги XХII сессиясы

 

2020-жылдын 02-июну № 22 -17

Айылдык аймагындагы ЖПБнын 2020-жылдагы инвестициялык планындагы АРИС тарабынан берилүүчү гранттык акча каражатына салым катары акча каражатын ажыратуу жөнүндө

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (алтынчы чакырылыштагы) кезектеги XХII сессиясы күн тартибиндеги: Айылдык аймагындагы ЖПБнын 2020-жылдагы инвестициялык планындагы АРИС тарабынан берилүүчү гранттык акча каражатына салым катары акча каражатын ажыратуу жөнүндөгү маселесин карап чыгып, талкуулап

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Айылдык аймагынын ЖПБ 2020-жылдагы инвестициялык планындагы АРИС тарабынан берилүүчү гранттык 1 192 000 сом акча каражатына айыл өкмөтүнүн салымы катары 25 пайыз - 298 000 сом акча каражаты ажыратылсын

2. Бул токтомду аткаруу Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө жүктөлүнсүн

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү жана инвестиция боюн ча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн

 

Төрага

Д.Сатвалдиев