Редакцияот 27.12.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2018-жылдын 27-декабры № 98-27

Ижара келишимин узартуу жөнүндө

“Эр Жүрөк” спорт клубунун жетекчисинин турак эмес жайды 2019- жылы ижаралоо келишимин узартуу жөнүндө катын карап чыгып жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын негизинде Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы

ТОКТОМ КЫЛДЫ:

1. Аламүдүн айыл өкмөтүнө 2019-жылдын январынан 2019-жылдын декабрына чейин ай сайын “Эр Жүрөк” спорт клубу үчүн турак эмес жайды ижаралоо келишимин узартуу үчүн жергиликтүү бюджеттен 7 (жети) миң сом бөлүүгө уруксат берилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Кольбаевге жүктөлсүн.

 

Төрага:

А. Филимоненко