Редакцияот 20.05.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУНТУУ АЙЫЛ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Эл депутаттарынын Күнтуу айылдык Кенешинин IX чакырылышынын кезексиз V сессиясы

2020-жылдын 20-майы № 5/2

Күнтуу айыл аймагына караштуу, Чоң-Жар айылына атайын малдарды союуучу ишкана куруу боюнча

Күнтуу айылдык Кеңешинин  депутаттары кезексиз V сессиясында талкуулап чыгып,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Күнтуу айыл аймагына караштуу, Чон-Жар айылына атайын малдарды союуу боюнча ишкана курууга, Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы Сейдалиев Адылет Айтбекович жайыт комитети менен биргеликте, мыйзам чегинде документтерин  дайындасын;

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы, Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сейдалиеевге жүктөлсүн;

3. Бул токтом WWW.Kuntuu-aimak.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет;

4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

Күнтуу айылдык Кеңештин төрагасы

У.Астаркулов