Редакцияот 17.02.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

2020-жылдын 17-февралы №145/XX-27

Жер үлүшүн бир контурдан экинчи контурга которуу жөнүндө

Жер жана агрардык суроолор боюнча туруктуу комиссиянын 14.02.2020-ж. Пиндюрин Максим Николаевичке тиешелүү 0.52 га жер үлүшүн (сугат жерди) 10-контурдан 823-контурга которуу жөнүндөгү №1 токтомун угуп жана Пиндюрин Максим Николаевичтин жер үлүшү, системалык каттоо боюнча, 10-контурга катталып, бирок иш жүзүндө 823-контурда жайгашканы такталган себепке байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесинин 3,4-пункттарына ылайык Кочкорбаев айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Будёновка айылынын Панфилов көчөсү № _ үйүнүн тургуну Пиндюрин Максим Николаевичке тиешелүү 0.52 га жер үлүшү (сугат жер) 10-контурдан 823-контурга которулсун.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер жана  агрардык суроолор боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

Төрага

А. Албекенов