Редакцияот 06.07.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2020-жылдын 6-июлу № 179-27

Аламүдүн айыл аймагында рыноктук ижара акысы менен муниципалдык мүлктү ижарага берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Аламүдүн айыл аймагында рыноктук ижара акысы менен муниципалдык мүлктү ижарага берүү тартиби жөнүндө жобонун долбоорун карап чыгып жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 18-беренесинин негизинде Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы

ТОКТОМ КЫЛДЫ:

1. Аламүдүн айыл аймагында рыноктук ижара акысы менен муниципалдык мүлктү ижарага берүү тартиби жөнүндө жобо бекитилсин.

2. Ушул жобо тиркемеси менен Аламүдүн айыл өкмөтүнүн www.alamudun.kg сайтына жарыялынсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевге жүктөлсүн

 

Төрага:

А. Филимоненко