Редакцияот 11.10.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Дөң-Булак айылдык Кеңешинин VI-шайланган депутаттарынын кезектеги XXIX- сессиясы

 

2019-жылдын 11-октябры №117

Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2019-жылга бекитилген бюджетине кошумча өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн Чымбай, Төөлөс, Бабаш уулу жана Боксо-Жол айылдарын ичүүчү таза-суу менен камсыз кылууга Европа Өнүктүрүү жана Реконструкциялоо банкынын долбооруна кошулуп, жалпы бюджет (69,845 миң евро 1евро=80 сом) 5 587,6 миң сомду түзгөн.

Кайтарым 2019-жылга карата (4122 евро 1евро=80 сом) 329,8 миң сомду түзгөн. Бул убакытка чейин 50% төлөмү 2019-жылдын 13-май күнү №186 тңлңң тапшырмасынын негизинде 161,8 сом акча каражаты айыл өкмөтү тарабынан (Муниципальное совместное предприятие “Агенство питьевого водоснабжения Узгенского района”) Ңзгңн райондук Таза-Суу агенствосуна которулуп белилген. Азыркы күнөң 2019-жылга карата бөлүнгөн акча каражатынын калган 50% пайызын тңгүү тапшырмасы берилген.

Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 11-июну №78 мыйзамынын “Чыгымдардан ашкан кирешелерди пайдалануу боюнча мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарынын” 17-беренесине ылайык, Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2019-жылга карата бекитилген бюджетинен үнңмдңлгңн акча каражаттарды керектүү беренелерге жумшоо максатында Дңң-Булак айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Айыл ңкмңтүнүн аппарат бңлүмүнүн 3111 беренесинде үнңмдңлүп калган акча каражатынын эсебинен (2080 евро 1евро=78,3 сом) 162,9 миң сом, айыл чарба бңлүмүнүн 2214 беренесине жылдырылып, аталган жумушка каралып, аткарууга алынсын.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөң жагы айылдык кенештин бюджет, финансы, салык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Тңрага

П.А.Эсеналиев