Редакцияот 11.10.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Дөң-Булак айылдык Кеңешинин VI-шайланган депутаттарынын кезектеги XXIX- сессиясы

 

2019-жылдын 11-октябры №125

Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Паизабад айылындагы жаңы көчөлөргө ат (ысым) ыйгаруу жөнүндө

Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Паизабад айылынын тургундарынын көчөлөргө ат (ысым) ыйгаруу боюнча жалпы чогулушунун протоколунун негизинде Дөң-Булак айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Паизабад айылындагы жаңы 5 (беш)- көчө Укуева Майрамкан атындагы көчө деп аталсын.

2. Ат же ысым ыйгарылган көчөгө даректүү маалыматтарды, жазууларды илүү жагы демөөрчүлөр менен Дөң-Булак айылдык комитетинин башчысы Эргеш уулу Тилеке милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

П.А.Эсеналиев