Редакцияот 29.01.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин ( VI чакырылышынын) депутаттарынын кезектеги XXVI сессиясы

 

2020-жылдын 29-январы № 272

Мырза-Аке айыл аймагынын участкалык шайлоо коммиссияларына талапкерлерди бекитүүгө макулдук берүү жөнүндө

Социалдык маселелер жаштар жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап . Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 36 –беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып ,социалдык маселелер жаштар жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде Мырза-Аке айылдык Кеңеши төмөндөгүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Мырза-Аке айыл аймагынын участкалык шайлоо комиссияларына талапкерлерди бекитүүгө макулдук берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө « Социалдык маселелер жаштар жана дин иштери боюнча» туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Төраганын

орун басары                                                                                                                                                                                                     Ж.Эргешов