Редакцияот 29.01.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин ( VI чакырылышынын) депутаттарынын кезектеги XXVI сессиясы

 

2020-жылдын 29-январы № 274

Мырза-Аке айылынын тургуну Касымбеков Рустамбек Арапбаевичтин жеке менчик турак жайынын багытын элге кызмат көрсөтүү багытына өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин ( VI чакырылышынын) депутаттарынын кезектеги сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жер” кодексинин 18-статьясын жетекчиликке алып, “айыл ,жер,суу чарба ,өнөр жай ,курулуш, транспорт,байланыш энергетика маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Мырза-Аке айылынын М.Жээнбеков № 122 көчөсүнүн тургуну Касымбеков Рустамбек Арапбаевичтин жеке менчик турак- жайына салынган үйүнүн эки бөлмөсүн дүкөн катары пайдаланууга уруксат берүүгө , максаттык багытын , элге кызмат көрсөтүүчө дүкөнү багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин.

2. Тиешелүү иш-кагаздарын даярдап берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “айыл ,жер,суу чарба ,өнөр жай ,курулуш, транспорт,байланыш энергетика маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Төраганын

орун басары                                                                                                                                                                                                     Ж.Эргешов