Редакцияот 06.06.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Төрт-Көл айылдык кеңешинин депутаттарынын VI-чакырылышындагы депутаттарынын кезексиз №39-сессиясы

 

2020-жылдын 6-июну. №39-3

“Төрт-Көл Таза-суу” мунисипалдык иш канасын бекитүү жөнүндө

Төрт-Көл айылдык кеңеши Төрт-Көл айыл өкмөтүнө караштуу “Төрт-Көл Таза суу” Муниципалдык ишканасын бекитүү жөнүндө сунуш катын талкулап Кыргыз Республикасынын “Юридикалык жактары, филиалдары (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик катоо жөнүндө” мыйзамынын 11-беренесине ылайык кеңеш айыл өкмөтүнө караштуу “Төрт-Көл Таза суу” Муниципалдык ишканасын бекитүү максатында

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Төрт-Көл Таза-суу” муниципалдык ишканасы юридикалык жак катары түзүлдү жана төмөндөгүдөй аталсын;

Юридикалык жактын тоук муниципалдык ишкананын формаларынталышы: Мамлекеттик тилде; “Төрт-Көл таза Таза-суу” муниципалдык ишканасы Расмий тилде муниципалдык ишкананын аталышы; “Төрт-Көл Таза-суусу”.

2. Төрт-Көл айыл өкмөтүнө караштуу “Төрт-Көл Таза суу”муниципалдык ишканасынын уставы берилсин.

3. Төрт-Көл айыл өкмөтүнө караштуу “Төрт-Көл Таза суу”муниципалдык ишканасынын жетекчисин дайындоо жагы айыл өкмөт башчысы Ө.Эсенбаевке сунушталсын.

4. Төрт-Көл айыл өкмөтүнө караштуу “Төрт-Көл Таза суу” Муниципалдык ишканасы Кыргыз Республикасынын “Юридикалык жактары, филиалдары (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик катоо жөнүндө” мыйзамынын 11-беренесине ылайык каттоодон өткөрүлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ө.А.Эсенбаевке тапшырылсын.

 

Төрага

С.Ахмедов