Редакцияот 20.06.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Төрт-Көл айылдык кеңешинин депутаттарынын VI-чакырылышындагы депутаттарынын кезексиз №40-сессиясы

 

2020-жылдын 20-июну №40-7

Муниципалдык менчикте турган жана пайдаланылбай жаткан жаткан жерлерди ижарага берүү жөнүндө

Муниципалдык менчикте турган жана пайдаланылбай жаткан  жерлерди ижарага берүү жөнүндөгү маселени жана Абдиев Надирдин арызын карап жана талкуулап Төрт-Көл айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Муниципалдык менчикте турган жана айыл чарбасына пайдаланылбай жаткан жерлер жер комиссиясы аркылуу каралып ижарага берилсин.

2 .Жер комиссиясына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган шарттар боюнча иш алып баруусу милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык Кеңешинин финансы, экономика,бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин

 

Төрага

С.Ахмедов