Редакцияот 24.10.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Тоо айылдык Кеңешинин 6-шайланган кезектеги 21-сессиясы

 

2019-жылдын 24-октябры № 99

Кызыл-Тоо айыл аймагындагы Ак-Кыя айылынын башкы планына өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүнү жер маселелери боюнча башкы адис Ж.Акматалиевдин Ак-Кыя айылынын башкы планына өзгөртүү киргизүү боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кызыл-Тоо айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн Ак-Кыя айылынын күн батыш тарабына мамлекеттик шаар курулуш жана архитектура долборлоо институтунун Оштогу филиалы тарабынан өзгөртүү киргизилген башкы планы бекитилсин.

2. Токтомдун аткарылышын айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси Ж.Акматалиевге тапшырылсын.

 

Төрага

К.Кадырбеков