Редакцияот 19.06.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКА-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Кашка-Жол айылдык Кеңешинин (VI шайланган) кезектеги жыйырма үчүнчү сессиясы

 

2020-жылдын 19-июну № 23/1

Кашка-Жол айылдык Кенешинин «жооптуу катчы» административдик муниципалдык кызматынын штаттык ырааттамасын (бирдигин) бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын ϴкмѳтүнүн 2020-жылдын 5-февралындагы “Айылдык кеңештерде акы тѳлѳѳ негизиндеги кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жѳнүндѳ” № 64 токтомуна негиз айыл аймагындагы калктын саны 6001 ден жогору болгон, Кыргыз Республикасынын ϴкмѳтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы №706 токтому менен бекитилген “Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарынын топторуна типтүү квалификациялык талаптарга” ылайык Кашка-Жол айылдык кеңешинин “жооптуу катчы” административдик муниципалдак кызмат орунун штаттык ырааттамасын (бирдигин) бекитүү максатында

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Кыргыз Республикасынын ϴкмѳтүнүн 2020-жылдын 5-февралындагы “Айылдык кеңештерде акы тѳлѳѳ негизиндеги кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жѳнүндѳ” № 64 токтомуна негиз айыл аймагындагы калктын саны 6001ден жогору болгон, Кыргыз Республикасынын ϴкмѳтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы №706 токтому менен бекитилген “Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарынын топторуна типтүү квалификациялык талаптарга” ылайык Кашка-Жол айылдык кеңешинин “жооптуу катчы” административдик муниципалдак кызмат орунун штаттык ырааттамасы (бирдиги) бектилсин.

2. Бекитилген « жоопту катчынын» эмгек акысын чечип берүү жагы ФЭБ башчы М.Асановага жүктѳлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык кеңештин экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Төрага

Т.Оморов