Редакцияот 05.06.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги экинчи сессиясы

 

2020-жылдын 5-июну № 4

Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн аксакалдар сотунун курамын бекитүү жөнүндө

Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.Т.Кудайбергенованын Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн аксакалдар сотунун курамын бекитүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп, талкуулап Кашка-Суу айыл аймактык кенешинин VI чакырылышынын кезектеги экинчи сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн аксакалдар сотунун курамы ар бир айылдагы жана аксакалдар сотунун курамынын өткөн жыйындарынын негизинде төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:

Аксакалдар сотунун төрагасы:

-Мамараимов Кубанычбек Ибрагимович - Кашка-Суу айылынын тургуну

 Аксакалдар сотунун катчысы:

- Төлөнбаев Үсөн Курбанович - Ачык-Суу айылынын тургуну

 Мүчөлөрү:

- Көкөнов Абдижали - Кашка-Суу айылынын тургуну

-Төрөев Манап Жоробаевич - Кара-Кабак айылынын тургуну

- Мусаев Абдижалил Сатыбалдыевич - Кабык айылынын тургуну

- Боркошев Нияз Нарынбаевич - Ачык-Суу айылынын тургуну

- Самиев Пирмамат - Ачык-Суу айылынын тургун

- Ташкулов Баратбай Урустамович - Бурган-Суу айылынын тургуну

- Кыпчакбаев Зиябидин Садирович - Жайылма айылынын тургуну

2. Түзүлгөн курам Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 5-июлундагы № 113 Аксакалдар соттору жөнүндөгү мыйзамында жазылган жобого ылайык иш алып барышсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кашка-Суу айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук ,укук тартибин чындоо, кенештердин иштери, депутаттык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Ы.Ж.Эрмаматов