Редакцияот 17.08.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз үчүнчү сессиясы

 

2020-жылдын 17-августу № 2

Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы бюджетине толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын жергиликтүү бюджетине төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнүн 11111100 (кирешенен алынуучу салык) беренесине кошумча 400000 сом, Кашка-Суу айылындагы ичүүчү суу чыгаруучу “ОсОО Чон-Алай суулары” ишканасы тарабынан бюджетке ашыкча чегерилүүсү күтүлүүдө. Ошондуктан 11462410 (Ичүүчү суу катары куюштуруу үчүн арашан жана тузсуз суулар) беренесине кошумча 100000 сом, 2020-жылдын жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүмнө жалпы 500 000 сом кошумча план бекитилсин.

2. Бекитилген план Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүнө төмөнкдөй болуп бөлүнсүн:

ЖКУ бөлүмүнүн 2214 беренесине 100,0 (бир жүз мин) сом

Орто мектептер бөлүмүнүн 2224 беренесине 400,0 (төрт жүз мин) сом

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин Бюджет, салыктар жана финансы боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Ы.Ж.Эрмаматов