Редакцияот 15.09.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз төртүнчү сессиясы

 

2020-жылдын 15-сентябры № 1

Депутаттарды сессияга чакыруу жөнүндө

 Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз төртүнчү сессиясын өткөрүү үчүн 2020-жылдын 15-сентябрь күнү саат 1000 гө айылдык аймактык кеңешинин депутаттарын Кашка-Суу айыл өкмөтүнө чакыруу максатында:

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз төртүнчү сессиясын өткөрүү үчүн 2020-жылдын 15-сентябрь күнү саат 1000 гө айылдык аймактык кеңешинин депутаттары Кашка-Суу айыл өкмөтүнө чакырылсын.

2. Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин депутаттарын чакырууну камсыз кылуу, айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.Т.Кудайбергеновага жана айыл башчыларына милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин Укук тартиби, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыштар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

И.Ж.Эрмаматов