Редакцияот 08.09.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ноокат шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXXVI сессиясы

 

2020-жылдын 8-сентябры №14

Ноокат шаарынын аймагындагы Самиев атындагы орто мектебинин аянтына шагал төшөө үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө

Ноокат шаарынын аймагындагы Самиев атындагы орто мектебинин аянтына шагал төшөө үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ноокат шаарынын аймагындагы Самиев атындагы орто мектебинин аянтына шагал төшөө үчүн Ноокат шаар мэриясынын 2020-жылдын бюджетинин 706-бөлүмүнүн 3111 беренесинин эсебинен 20 000 (жыйырма) миң сом акча каражаты ажыратылып берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

А.Гафаров