Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 12-сентябры № 100
АКБ жерлерине аукцион өткөрүү жана жер комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндө
Айыл өкмөттүн кайра бөлүштүрүү фондунун ижара мөөнөтү бүткөн жана келишимдер бир тараптуу бузулган жерлерге аукцион өткөрүү боюнча айыл өкмөт башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып айылдык кеңешинин VI чакырылыш ХХIV кезексиз сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аукцион Эски Покровка айылында 20- сентябрь 2019-жылы өткөрүлсүн.
2. Аукционго койула турган жерлердин контурларын, лотторун аныктоо жер комиссиясына милдеттендирилсин.
3. Ижара акысын өз убагында төлөбөгөн ижарачылардын келишими бир тараптуу бузулуп, аукционго койулсун.
4. Аукцион өткөрүү боюнча комиссия төмөндөгү курамда бекитилсин:
-Ш. Маматсапаров- айылдык кеңештин депутаты- комиссия төрагасы,
-А.Темирбаев- айылдык кеңештин депутаты, мүчө,
-К.Ысмайылов- айылдык кеңештин депутаты, мүчө,
-Д.Талипов- айылдык кеңештин депутаты, мүчө,
-Э.Пасаңов- айыл өкмөт башчысы, мүчө,
-З.Осмонов- айыл чарба жана жер маселелери боюнча башкы адис,мүчө,
-Ш.Капазов- райондук агрардык өнүктүрүү башкармасынын өкүлү, мүчө.
5. Комиссиянын катчылыгына айыл өкмөттүн жооптуу катчысы К.Сопуев бекитилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары А.Кайкыевке тапшырылсын.
Төрага | К.Мусаев |