Редакцияот 01.06.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Чоң-Алай айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын 38-сессиясынын кезексиз отуруму

 

2020-жылдын 1-июну № 3

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн аймагындагы Аксакалдар сотунун курамын бекитүү жөнүндө

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Жайчибеков Тайирбек Аскаровичтин Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн аймагындагы аксакалдар сотторунун курамын бекитип берүү жөнүдө сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын депутаттарынын 38-сессиясынын кезексиз отуруму талкуулап

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу айыл тургундарынын 2020-жылдын 9-мартындагы аксакалдар сотторунун курамына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө № 1 пртоколунун негизинде Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушуна жана Кыргыз Республикасынын аксакалдар сотторунун ишинин типтүү регламентине ылайык Чоң-Алай айыл өкмөтүнүндөгү аксакалдар сотторунун курамы төмөнкүдөй болуп бекитилсин;

- Аксакалдар сотунун төрагалыгына:              Жанботоев Шарабидин

Дароот-Коргон айылынан

- Аксакалдар сотунун орун басарына:                        Миталипова Мейликан

Дароот-Коргон айылынан

-Аксакалдар сотунун катчылыгына:                Ажибеков Ысмайыл

Кызыл-Туу айылынан

- Аксакалдар сотунун мүчүлүгүнө

 

-Гүдүбаев Нурмамат Кызыл-Эшме айылынан

-Сапаралиев Абдилаким Жаш-Тилек айылынан

-Молдорозов Маамат Дароот-Коргон айылынан

-Айаралиев Шамши Чак айылынан

-Ташкулов Якуб Жар-Башы айылынын

-Эрмекбаев Бегмамат Жаш-Тилек айылынан

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө укук тартиби, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Н.Маматназаров