Редакцияот 19.02.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги XXIII сессиясынын отуруму

 

2020-жылдын 19-февралы № 23/4

Өзгөн шаар мэриясынын 2020-жылдын 31-январындагы № 93 каты жөнүндө

Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги XXIII сессиясынын отуруму ««Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясынын 2020-жылдын 18-февралындагы № 2 протоколунун негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Өзгөн шаар мэриясы тарабынан СУ Транспромжилстрой ЖЧК аткарган иштерин карап чыгуу боюнча түзүлгөн убактылуу комиссиясынын актысынын негизинде сот тарабынан мыйзамга ылайык иш жүргүзүү жагы Өзгөн шаардык мэриясына сунушталсын.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

А.Джалилов