Редакцияот 07.08.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Жазы айылдык кеңешинин (VI шайланган) кезектеги XXVII сессиясы

 

2020-жылдын 07-августу №120/27

Жазы айылдык кеңешинин депутатты К. Камчыбековго “Жазы айыл өкмөтүнүн “Ардактуу Атуул” наамын ” ыйгаруу жөнүндө

Жазы айыл өкмөтүнүн башчысы М. Ибраимовдун айылдык кеңешинин депутатты К. Камчыбековго “Жазы айыл өкмөтүнүн “Ардактуу Атуул” наамын ” ыйгаруу жөнүндө сунуш угуп жана талкуулап Жазы айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Жазы айылдык кеңешинин депутатты К. Камчыбеков коомчулукта активдүүлүк көрсөтүп коомдук иштерге активдүү катышып, айылдык сессияларында актуалдуу маселелерди көтөрүпактивдүүлүктөрүн көрсөтүп жигердүү эмгеги үчүн “Жазы айыл өкмөтүнүн “Ардактуу Атуул” наамын” берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин депутаттык этика, регламент мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо жана диний иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Ж.Акматов