Редакцияот 24.09.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ленин айылдык кеңешинин VI шайланган кезексиз ХXX отуруму

2020-жылдын 24-сентябры №30/4

Ленин айыл өкмөтүнүн аймагындагы №33 С.Жаанбаев, №34 А.Жээнбеков, №35 С.Карыев атындагы орто мектептердин жараксыз деп табылган инвентарларын жараксызга чыгаруу боюнча мектеп директорлорунун билдирүүлөрү жөнүндө

Ленин айыл өкмөтүнүн аймагындагы №33 С.Жаанбаев, №34 А.Жээнбеков, №35 С.Карыев атындагы орто мектептердин жараксыз деп табылган инвентарларын жараксызга чыгаруу боюнча мектеп директорлорунун билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, Ленин айылдык кеңешинин отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ленин айыл өкмөтүнүн аймагындагы №33 С.Жаанбаев, №34 А.Жээнбеков, №35 С.Карыев атындагы орто мектептердин жараксыз деп табылган инвентарларын жараксызга чыгаруу боюнча мектеп директорлорунун билдирүүлөрү эске алынсын.

2. Ленин айыл өкмөтүнүн аймагындагы №33 С.Жаанбаев, №34 А.Жээнбеков, №35 С.Карыев атындагы орто мектептердин жараксыз деп табылган инвентарлары жараксызга чыгарылсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышы Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Матановко тапшырылсын.

Төрага

Б.Айдаралиев