Редакцияот 24.09.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ленин айылдык кеңешинин VI шайланган кезексиз ХXX отуруму

 

2020-жылдын 24-сентябры №30/6

Ленин айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнө 2020-жылдын IV кварталынын бекитилген планына өзгөртүү киргизүү жөнүндө

“КР бюджеттик кодексинин” 115-беренесине таянып , Айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Б.Токтобаеванын 24.09.2020-жылдагы билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ленин айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “КР бюджеттик кодексинин” 115-беренесине таянып , Ленин айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы бекитилген бюджетинин айрым беренелериндеги пайдаланылбай калган акча каражаттары айыл өкмөтүнүн муктаждыгына ылайык IV кварталга карата төмөндөгү жетишпеген беренелерге жылдырылып иштетилсин:

Чыгаша бөлүгү:

Раздел

Мекемелер

Статья

Көбөйтүлсүн (миң сом)

Азайтылсын

70111

Аппарат

2111

71,2

 

70111

Аппарат

2111

10,5

 

70629

ЖКХ

2231

20,0

 

70821

Китепкана

2215

7,0

 

70823

Клуб

3112

20,0

 

70862

Культмероприятия

2215

 

-108,7

70921

Орто мектеп

2231

 

-20,0

 Жыйынтыгы:

128,7

-128,7

 

2. 2020-жылдын IV кварталынын бекитилген сметасынын чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүүгө уруксат берүү жагы Финансы министрлигинин Алай башкармалыгынан суралсын.

3. Бюджетте каралган акча каражаттарын смета боюнча мыйзамдуу жумшалышын камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Матановко жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Б.Мамановко тапшырылсын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин бюджет боюнча туруктуу туруктуу комиссиясынын төрайымы Б.Токтобаевага жана айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Матановго милдеттендирилсин.

Төрага

Б.Айдаралиев