Редакцияот 27.11.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАТТА-ТАЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Катта–Талдык айылдык кеңешинин кезектеги ХII–сессиясынын (алтынчы чакырылышы) сессиясы

 

2019–жылдын 27-ноябры №12/1

Катта–Талдык айыл аймагынын 2020–21–22–жылдарга болжолдуу бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө

Катта-Талдык айыл аймагынын 2020–2021–2022–жылдарга болжолдуу бюджетинин долбоорун бекитүү боюнча айыл аймагынын финансы–экономикалык болумунун башчысы–башкы эсепчиси К.Кайназарованын докладын угуп жана аны талкуулап чыгып, суйлошкон депутаттардын сын пикирлерин угуп, Катта-Талдык айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Катта-Талдык айыл аймагынын 2020–жылга болжолдуу бюджетинин киреше бөлүгү 12578,7 мин сом жана чыгашалар бөлүгү 22535,4 мин сом өлчөмүндө жактырылсын

2. Катта-Талдык айыл аймагынын 2021–жылга болжолдуу бюджетинин киреше бөлүгү 12070,5 мин сом жана чыгашалар бөлүгү 22532,6 мин сом өлчөмүндө жактырылсын.

3. Катта-Талдык айыл аймагынын 2022–жылга болжолдуу бюджетинин киреше бөлүгү 12970,5 мин сом жана чыгашалар бөлүгү 22170,1 мин сом өлчөмүндө жактырылсын.

4. 2020- жылга чыгаша бөлүгү 9956,7 мин сом,2021- жылга чыгаша бөлүгү10462,1 мин сом, 2022-жылга чыгаша бөлүгү 9199,6 мин сом ашыкча сарпталышына байланыштуу ушул суммаларды республикалык бюджеттен тендештирилуучу грант катарында суралсын.

 

Төрага

С.Айдаров