Редакцияот 05.06.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Корул айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын 40-отуруму

 

2020-жылдын 05-июну №40/4

Корул Айылдык кеңешинин жооптуу катчы кызмат ордун бекитүү боюнча

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 04-мартындагы №124 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзортүүлөрдүкиргизүү жөнундө» жана 2020-жылдын 5-февралындагы №64 «Айылдык кеңештердин акы төлөө негизиндеги кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндө» токтомдорунун негизинде калкы 6001 ден жогору болгон айыл аймактарында айылдык кеңештеринде жооптуу катчынын штаттык кызмат орду жана айлык акылары боюнча Корул айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Корул Айылдык Кеңешине жооптуу катчы штаттык кызмат ордуна кабыл алуу боюнча комиссия түзүлсүн.

2. Корул Айылдык Кеңешине жооптуу катчы штаттык кызмат орду бекитилсин жана айлык акысын эсептөө үчүн токтомдун бир нускасы Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин Алай башкармалыгына берилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Аскербек уулуна, ФЭБ башчысы Н.Тоотаевага, Корул Айылдык Кеңешине жооптуу катчы штаттык кызмат орду боюнча түзүлгөн комиссияга, бюджет жана экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Төрага

Т.Маназаров