Редакцияот 04.08.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңешинин кезексиз X сессиясы

 

2020-жылдын 04-августу № 1

«Спортсмендерге колдоо көрсөтүү жөнүндө»

Кыргыз Республикасынын «Жергиликту өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин негизинде жана спортсмендер Айтматов Манас Өмурзаковичтин, Жума уулу Кылымбектин грепплинг боюнча Сауд Аравиясы мамлекетинин Абу-Даби шаарында өтуучу дуйнөлүк чемпионатка катышып келүүлөрүн камсыз кылуу максатында Отуз-Адыр айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ;

1. Айыл аймагынын Кыш-Абад айылынын тургуну 1996-жылы туулган Айтматов Манас Өмурзаковичке айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен 20,0мин.сом акча каражаты белүнүп берилсин.

2. Айыл аймагынын Кызыл-Абад айылынын тургуну 2000-жылы туулган Жума уулу Кылымбекке айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен 20,0миц.сом акча каражаты бөлүнүп берилсин..

3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.(Т.Туйбаев)

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Отуз-Адыр айылдык Кенешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.(Т.Жумаев)

 

Төрага

Н.Калматов