Редакцияот 07.10.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Төөлөс айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз кыркынчы сессиясы

 

2020-жылдын 07-октябры № 40-1

Төөлөс айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги он биринчи сессиясынын токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө

Айыл аймагынын инфраструктурасын жакшыртуу максатында

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төөлөс айылдык кеңешинин VI чакырылышынын 2017-жылдын 18-сентябрындагы кезектеги он биринчи сессиясынын № 11-1 токтомуна толуктоо киргизилсин.

2. №11-1 токтомундагы бекитилген, Төөлөс айыл аймагынын 2017-2022-жылдарга туруктуу өнүгүүсүнүн стратегиялык планынын, “Инвестициялык долбоорлор” боюнча тиркемеси, “айыл аймагындагы музыкалык мектептин имаратынын жалпы оңдоп түзөө иштерин жүргүзүү” деп 55-катар саны менен толукталсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы, айылдык кеңештин «Экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүк» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

М.Абдырахманов