Редакцияот 10.10.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Гулистан айылдык Кеңешинин VI- шайланган кезектеги ХХII- сессиясы

2019-жылдын 10-октябры № ХХII -1

Гулистан айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 9 айында социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана IV кварталына милдеттери жөнүндө

Гулистан айыл кеңеши Гулистан айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 9 айындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгын карап чыгып жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Гулистан айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 9 айындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча аткарылган иштери кемчилдиктерди белгилөө менен канааттандырарлык деп белигиленсин.

2. Гулистан айыл өкмөтүнө:

2019-жылда аткарылышы белгиленген иштерди IV кварталда аяктоо тапшырылсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл кеңешинин бардык туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

 

Төрага

 И. Ташматов