Редакцияот 23.01.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарын алтынчы чакырылышынын кезектеги он бешинчи сессиясынын заседаниеси

2020-жылдын 23-январы № 2

Чоң-Алай районунун аймагында Чоң-Алай мамлекеттик жаратылыш паркын уюштуруу үчүн Жекенди айылдык аймагынан жер бөлүп берүү жөнүндө

Чоң-Алай районунун аймагына Чоң-Алай мамлекеттик паркын уюштуруу үчүн Жекенди айылдык аймагынан жер бөлуп берүү максатында Жекенди айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чоң-Алай районунун аймагына Чоң-Алай мамлекеттик жаратылыш паркын уюштуруу үчүн Жекенди айылдык аймагынан Көлдүк жана Көбүргөндү жайлоолорунун Тажик Республикасы менен чектешип турган аймактарына чейинки жайыт жана жайлоо үчүн пайдаланылбаган жерлерден 2 700 га жер аянтын бөлүп берүү үчүн уруксат берилсин.

2. Тийиштүү документтерин даярдоо жана жерди чектеп бөлүп берүү жагы Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Колдошовго жана жер жана турак-жай маселелери боюнча башкы адис Ы.Матраимовго милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылууну Агрардык маселелер, азык-түлүк жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К. Маматбековго жүктөлсүн.

 

Төрага

С. Халилов