Редакцияот 30.12.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (алтынчы чакырылышынын) кезектеги XXIII сессиясы

2020-жылдын 30-декабры № 23-3

Айылдык кеңештин «бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү жана инвестициялар боюнча» туруктуу комиссиясынын отрумдарынын протоколдорунун чечимдерин бекитүү жөнүндө

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (алтынчы чакырылышынын) кезектеги XXIII сессиясы күн тартибиндеги: Айылдык кеңештин “бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү жана инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясынын отрумдарынын протоколдорунун чечимдерин бекитүү жөнүндөгү маселелерди карап чыгып талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айылдык кеңештин “бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү жана инвестициялар боюнча» туруктуу комиссиясынын 26.11.2020-жылдагы отурумунун протоколунун чечими бекитилип:

-Айыл өкмөтүнүн бюджетинен Рахманова Гульнаранын арызында суралган 30 000 сом акчалай жардам көрсөтүлсүн.

2. Айылдык кенешинин «бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү жана инвестициялар боюнча» туруктуу комиссиясынын 01.12.2020-жылдагы отурумунун протоколунун чечими бекитилип:

-Сүрөттүү-Таш участкасындагы участкалык милициянын контейнер-офиси 127 200 сомдук баланстык баасы менен айыл өкмөтүнүн балансына алынсын.

-Участкалык милициянын контейнер-офисинин ремонтоого сметанын негизинде 50,0 миң сом акча каражатын ажыратылсын.

3. Бул токтомду аткаруу Кызыл-Кыштак айыл өкүмөтүнө тапшырылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин «бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү жана инвестициялар боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Д. Сатвалдиев