Редакцияот 30.12.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (алтынчы чакырылышынын) кезектеги XXIII сессиясы

2020-жылдын 30-декабры № 23-4

Айылдык кеңештин “бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү жана инвестициялар боюнча» туруктуу комиссиясынын жана жалпы отрумдун протоколдорунун чечимдерин бекитүү жөнүндө

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (алтынчы чакырылышынын) кезектеги XXIII сессиясы күн тартибиндеги: Айылдык кеңештин “бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү жана инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясынын жана жалпы отрумдарынын протоколдорунун чечимдерин бекитүү жөнүндөгү маселелерди карап чыгып талкуулап 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айылдык кеңештин “бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү жана инвестициялар боюнча» туруктуу комиссиясынын жана жалпы отрумундарынын 24.12.2020-жылдагы протоколдорунун чечимидери бекитилип:

-Айылдык кеңешинин депутаттарынын ден-соолугун чыңдоого 310,0 миң сом ажырытылсын,

-айылдык кеңештин бөлмөсү тар болуп тийиштүү шарт болбой жаткандыктан салык бөлүмүнүн бөлмөсү ажыратылып берилсин. Аны жаңы эмеректер (стол,стул) компьютердик жабдуу жана көрнөк жарнактар менен жасалгалоого жалпысынан 200,0 миң сом ажыратылсын,

-салык бөлүмү айылдык кеңештин бөлмөсүнө жана калкка кызмат көрсөтүүчү “бирдиктүү терезе” бөлмөсүнө которулсун,

- Кызыл-Байрак айылынын тургуну, экинчи тайпадагы майып Алматов Эркинге 10,0 миң сом колдоокөрсөтүлсүн,

-Ишкаван айылынын тургуну Мырзакаримова Гулнараг ден соолугуна байланыштуу операция жасатууга 5,0 миң сом колдоо көрсөтүлсүн.

2. Бул токтомду аткаруу Кызыл-Кыштак айыл өкүмөтүнө жүктөлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин «бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү жана инвестициялар боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Д. Сатвалдиев