Редакцияот 22.01.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Таш айылдык кеңешинин 6 чакырылыштагы кезектеги 21-сессиясы

 

2021-жылдын 22-январы № 58

Кара-Таш айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2020-жылга айыл өкмөтүнүн бюджетинин отчетун берүү жана кошумча 2020- жылдын эсебинен үнөмдөлгөн 1941,6 миң сом акча каражатын КР Бюджеттик кодексине ылайык бөлүштүрүү жөнүндө

Кара-Таш айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2020-жылга айыл өкмөтүнүн бюджетинин отчетун берүү жана Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын эсебинен бюджеттен үнөмдөлгөн 1941,6 миң сом акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндөгү маселени Кыргыз Республикасынын «Бюджеттик Кодексинин» 99-беренесинин 2-пунктуна жана ушул эле кодекстин 102-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын негизинде финансы экономика боюнча коммиссияда каралып, алардын талкуусунун негизинде түзүлгөндүгүн эске алып, Кара-Таш айылдык Кеңеши 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2020-жыл үчүн берилген отчету канааттандырарлык деп табылсын. 

2. 2020- жылдын эсебинен үнөмдөлгөн акча каражатын Кара-Таш айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгашалар боюнча 1941,6 миң сом акча каражаты төмөндөгү бөлүмдөргө жумшалсын.

-ЖКХ бөлүмүнө(70629) 1941,6 млн сом. 

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кенештин финансы бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

М. Камалов